КР Чек ара кызматы: Тажик тараптын билдирүүсү чындыкка дал келбейт

Тажикстандын УКМК Чек ара аскерлери чек арага канатташ жашаган калк мыйзамсыз иш-аракеттерге баруусуна аракет кылууда. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматы билдирет.

КР УКМКнын Чек ара кызматынын билдирүүсүндө мындай деп айтылат:

-Кыргыз Республикасынын УКМКсынын Чек ара кызматы Тажикстан УКМКсынын Чек ара кызматын кыргыз тарапты чек арага чектеш аймактарда атайылап абалды курчутууга айыптаганын таң калуу менен кабыл алды.

Тажик тараптын мындай билдирүүсү чындыкка дал келбейт. Андан дагы Тажикстандын УКМСнын Чек ара кызматы маалыматты атайы бурмалап, чек арага чектеш аймактардагы калкты козутууга аракет кылып жатат. Буга мисал катары автотралда техника алып бараткан сүрөт. Бул сүрөттү комментарийлеп, Тажикстандын Согди облусунун УКМК чек ара аскерлеринин башкармалыгы кыргыз тарап аскер техникасын Баткенге алып баратыптыр деген божомолду таап алган. Ал 2022-жылдын 21-22-сентябрында техниканы чек ара тилкесинен ары алып бараткандагы сүрөт болчу. Тажикстандын чек арага чектеш райондорундагы чек араны чыңдоо аракеттерин алар Кыргызстандыкы катары көрсөтүүгө аракеттенишүүдө, -деп айтылат Кыргызстандын Чек ара кызматынын билдирүүсүндө.

Ошондой эле Чек ара кызматы билдирүүдө буларды да баса көрсөттү:

-2022-жылдын 25-сентябрынан бери тажик тарап Кыргызстан менен чек арасынын бардык периметринде окоп менен траншея казып жатат. 2022-жылдын 25-сентябрынан бери Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин бузуп, дрон учуруп, чалгын ишин жасаган 10 факты катталган. Тажик жарандары Кыргыз Республикасынын чек арага чектеш райондорундагы тургундардын үйүн өрттөөгө аракет кылган.

2022-жылдын 26-сентябрында тажик аскери өздөрү койгон гранатага жарылган. Бул тажик аскерлери мина коюп, дагы бир окуя болуп кетсе, өз аймактарындагы жолдорду даярдап жатат дегенди билдирет.

Окуяны териштирүүдө кыргыз жарандарынын же аскерлердин катыштыгы Тажикстандын Исфара участогунун өкүлү жана башка өкүлдөрү тарабынан тастыкталган эмес.

Жолугушууларда Тажикстандын чек арачылары жетишилген макулдашууларды бузганын моюнга алып, аны оңдоого убада беришет, бирок иш жүзүндө аны аткарышпайт.

Биздин тажикстандык кесиптештер фактыларды бурмалап, ал тургай кыргыз тараптын пресс-релиздерин пайдаланып, ал жактагы "кыргыз тарабы" деген жазууларын "тажик тарап" деп оңдоп алып пайдаланышууда.

Алар ачык эле ЖМКда жана социалдык түйүндөрдө кыргыз тарапты айыптап, чек арага чектеш райондорго техника алып барууда деп видео коюп жатышат. Анан дагы жакында милициянын жогору кызматтагы бир адамы Тажикстандын ички иштер министрлигинин атынан аскер формачан бир адамга чек арада абалга бүлүк салуу боюнча тапшырма берип жатат.

Ошол эле учурда Кыргызстан тарап Тажикстан тараптын чек арага чектеш райондорго жеке курам жиберип, ал үчүн "Тез жардам" машиналарын пайдаланып, ал эми жеке машиналар менен курал-жарак ташып жатканын байкаган.

Жалданма аскерлерди даярдоо максатында мечиттерди пайдаланып жаткандыгы боюнча да далилдер бар.

Протоколго кол коюлгандыгына жана жүргүзүлүп жаткан чараларга карабастан, тажик тарап кезектеги чек ара жаңжалы чыгып кетүүнүн түрткүсү болуп калышы ыктымал экенин Кыргызстандын Чек ара кызматы өкүнүү менен билдирет.

Чек ара кызматы тажик чек арачыларын эки элди адаштырууну токтотууга, кезектеги чыңалуу очогу чыгып кетпеши үчүн тынч элди козутпоого чакырды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД