Эртең, 16-июнда, Бишкектеги тогуз көчөнүн бир бөлүгү жарыксыз калат. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынан кабарлашты.
График:
09:00-17:00 - Жал-23 кичи району (№89 үй);
09:00-18:00 - Щербаков көчөсүнүн бир бөлүгү, Калыс-Ордо, Ак-Ордо (Акдөөлөт, Сулайман-Тоо, Чолпон көчөлөрү) конуштары;
09:00-19:00 - 10-кичи райондо (№1, 30-34 үйлөр);
09:40-18:40 - Ибраимов көчөсү менен Жибек жолу проспектисинин бир бөлүгү;
10:00-17:00 - Көк-Жар (Көк-Жар, Тон, Конорчок) конушу.