Кыргызстандын жолдорун кантип сактап калуу керек?

Экономисттер жана жол куруучулар жол тармагынын туруктуулугуна жетишүү боюнча биринчи кезекте жолдорду оңдоого жана күтүүгө каражаттын жетишсиздигине байланыштуу аракеттердин жетишсиздиги тууралуу көптөн бери айтып келишет.

Ошол эле учурда "Автомобиль жолдору жөнүндө" Мыйзам уюмдар жана ишканалар тарабынан республиканын автомобиль жолдорун башкаруунун экономикалык, укуктук негиздерин жана принциптерин аныктайт жана жол тармагына тийиштүү бардык маселелерди жөнгө салат. Бирок башка документтердин жоктугунан бул мыйзамдын жол тармагын өнүктүрүүгө багыттала турган каражаттарды түзүү булактарын жөнгө салуучу бардык эле ченемдери аткарылбай жатат.

Алсак, Мыйзамдын 18-беренесине ылайык, жалпы пайдалануудагы жолдордо жүк ташуучу унаалардын жана автобустардын жүргөнү үчүн акы алынат. Бул жыйым Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексте да каралган, ага ылайык жыйым төлөөчүлөр жүк ташуучу унаалардын жана автобустардын ээлери болуп саналат. Бирок, мыйзамдарда бул ченемдер бар экенине карабастан, Өкмөт жакынкы убакка чейин автомобиль жолдору боюнча өтүү үчүн жыйымдарды алуунун өлчөмүн жана тартибин аныктаган эмес.

2021-жылы 24-декабрда Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин чечими (№333) кабыл алынган, аны менен Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча өтүү үчүн жыйымдын өлчөмү жана аны алуунун тартиби жөнүндө жобо бекитилген.

Методиканы негиздөө

Статистика комитетинин маалыматтарына ылайык, орточо айлык акы 18 493 сомду түзгөн, жашоо минимумунун көлөмү орточо 5 358,53 сом, орточо эмгек акынын жашоо минимумуна карата катышы 345 пайызды түздү.

Жашоо минимумунун жана орточо эмгек акынын - реалдуу эмгек акынын катышынын жана калктын кирешесине ылайык тарифтик ставканы аныктоонун жалпы кабыл алынган практикасынын негизинде 1,16 сомго барабар же 1/100 сааттык эмгек акы 115,58 сом өлчөмүндө чогултуунун минималдуу ставкасын эсептөө принциби колдонулган.

Андан ары жыйымдарды эсептөө Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан иштелип чыккан методикага ылайык, максималдуу жалпы масса боюнча транспорт каражатынын түрүнө (категориясына) жараша жүргүзүлөт. Башкача айтканда, жолдун эскиришине, буга жараша оңдоого жана учурдагы тейлөөгө кеткен чыгымдардын өсүшүнө алып келген жүктүн жолго карата пропорционалдуулук принциби боюнча. Ошол эле учурда жүргүнчүлөрдү ташыган унаалар үчүн 10 жана 20 минималдуу пайыздар жүргүнчүлөрдү ташууга финансылык таасирди жеңилдетүү максатында алынган.

Маселени чечүүнүн эл аралык тажрыйбасы

Дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө жолдорду курууну жана оңдоону каржылоо маселеси ар башка жолдор менен чечилет. Дүйнөлүк тажрыйбанын көз карашы боюнча алганда эң натыйжалуусу, автомобиль жолдоруна же ар кандай категориядагы жалпы пайдалануудагы жолдорго акы төлөөнү киргизүү, б.а. "колдонуучу төлөйт" принцибине өтүү.

Акы төлөө системасы унаа жолдоруна келтирилген жана учурдагы салыктардын эсебинен каржыланбаган зыяндын ордун толтуруу каражаты катары киргизилүүдө. Ал жолдорго эң көп зыян келтирүүчү транспорт каражаттарынын ээлерине – уруксат берилген максималдуу салмагы 12 тоннадан ашкан жүк ташуучу унааларга тиешелүү.

Казакстан

Автотранспорт каражаттарынын Казакстан Республикасынын аймагы аркылуу өтүүсү үчүн жыйымдар:

• башка мамлекеттин аймагына чыгуу үчүн атамекендик автотранспортту чек арадан өткөрүүгө алынуучу жыйым

• чет өлкөлүк унаа каражатын өткөрүү үчүн алынуучу жыйым

• акы төлөнүүчү мамлекеттик автомобиль жолдору боюнча өтүү үчүн алынуучу жыйым

• уруксат берилген жүктөн жана габариттен ашкан оор салмактуу жана ири габариттүү унаа каражаттарын өткөрүү үчүн алынуучу жыйым.

Унаа каражаттарынын өтүүсү үчүн акы төлөө жөнүндө жобо 1998-жылдан бери колдонулуп келет.

Россия

Россияда чет мамлекеттердин аймагында катталган транспорт каражаттарынын Россия Федерациясынын жолдору боюнча өтүү үчүн акы алынат. Жүк ташуучуларына карата Россия Федерациясынын жолдорун пайдалангандыгы үчүн жыйым киргизилген, ошондой эле тизмеде көрсөтүлгөн мамлекеттердин аймагында катталган уруксат берилген максималдуу салмагы 3,5 тоннадан ашык жана 12 тоннага чейин жүк ташуучу унаалардан Россия Федерациясынын жолдорун пайдалангандыгы үчүн жыйым алынган чет өлкөлөрдүн тизмеси бар.

Европа биримдигинин өлкөлөрү

ЕБнын жолдор боюнча өтүү үчүн жыйымдар боюнча бирдиктүү мыйзамдарынын негизи 1993-жылы 93/89/ЕЭК "Жүктөрдү ташуу үчүн пайдаланылган транспорт каражаттарына салык салуу жана транспорттук инфраструктура объекттерин пайдалангандыгы үчүн жыйымдарды алуу жөнүндө" директивасы менен түптөлгөн.

Учурда ЕБге мүчө мамлекеттерде магистралдык жол түйүндөрү боюнча өтүү үчүн жүк ташуучу унаалардан акы алуунун ар кандай системалары колдонулууда.

Системалардын негизги түрлөрүнө төмөнкүлөр кирет:

Жыйымдарды убакыт боюнча чогултуу системасы ("Евровиньет" системасы), бул тутум 1993-жылы колдонууга берилген жана Бельгияда, Нидерландыда, Люксембургда, Данияда жана Швецияда иштейт. "Евровиньет" Европа биримдигинин өлкөлөрүндө ири жүк ташуучу унааларга салыктарды шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккан. Жүк ташуучу унаалардын өтүүсү үчүн жалпы жыйымдар Евро биримдиктин 27 өлкөсүнүн ичинен 22синде алынат. Литвада жылына 260 евро. Башка мамлекеттерде, мисалы Данияда, Нидерландыда, Люксембургда жана Швецияда - 1500 евродон ашык. Айрымдары жолдон өтүү акысы үчүн кошумча нарк салыгын да кошушат. Улуу Британияда ал 15 пайыз болсо, Венгрияда 25 пайызды түзөт.

Жыйымдарды чакырым боюнча чогултуу системасы Германияда, Швейцарияда, Австрияда, Италияда жана башка ЕБ өлкөлөрүндө иштейт. Жыйымдарды чакырым боюнча чогултуу системасынын негизги мүнөздүү белгиси - бул жолдун акыркы пайдалануучусунун жолго тийгизген таасирине жараша жыйымды кайра бөлүштүрүүнүн эң натыйжалуу жана адилеттүү принциби.

Кыргызстан

Жыйымдардын киргизилиши олуттуу экономикалык кесепеттерге алып келиши күтүлүүдө. Алсак, өлкөнүн бюджети үчүн республиканын жол активдеринин наркы 20,0 млрд сомго жакынды түзөт. Учурдагы оңдоого жана техникалык тейлөөгө жыл сайын орто эсеп менен 2,0 млрд сом бөлүнөт.

Каржылоонун жетишсиздигинен улам жолдордун интенсивдүү бузулушуна байланыштуу жол тармагындагы бюджеттик жоготуулар жолдордун 30 жылдык жашоо циклинде болжол менен 195,0 млрд сомду же жыл сайын 6,5 млрд сомду түзөт.

Ошол эле учурда жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жүк ташуучу унаалардын жана автобустардын пайдалангандыгы үчүн жыйымдарды киргизүүдө кыймылдын интенсивдүүлүгүн жана сунушталган тарифтик өлчөмдөрдү эсептөөнүн негизинде жылдык акча түшүүлөр 2 млрд сомго жакынды түзөрү эсептелинди. Бул каражаттарды жолдорду учурдагы оңдоого жана күтүүгө багыттоо бюджеттик каражаттарды 30 жылдын ичинде 43 млрд сомго жакын же жыл сайын 1,4 млрд үнөмдөөгө шарт түзөт.

Өз кезегинде ишкерлер жана жарандар төмөнкүдөй пайдага ээ болушат:

- 50% чейин жолдо жүрүү убактысын үнөмдөө;

- транспортту эксплуатациялоодо жылдык (болжолдуу) үнөм (күйүүчү-майлоочу материалдарга - 2,7 млрд сом, эмгек акыга - 1,3 млрд сом, оңдоого - 1 млрд сом).

Ошол эле учурда жеңил унаа ээлерине модернизацияланган жана талаптагыдай тейленген жол инфраструктурасы толук жеткиликтүү болот. Жалпысынан жаңы киргизүүлөр жол кыймылын уюштуруунун алдынкы формаларын жана ыкмаларын киргизүү, жолдордо жол кыймылынын коопсуздук деңгээлин жогорулатуу боюнча артыкчылыктуу милдеттерди чечүүнү караштырат, бул жол тармагын натыйжалуу башкаруу боюнча акыркы максаттарга жана милдеттерге жетишүүгө шарт түзөт.

Ошону менен бирге, алгачкы баскычтагы оор экономикалык кырдаалды көңүлгө алуу менен, Өкмөт өлкөнүн макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнүн жакшырышын эске алып, кийинки тактоо менен эсептелгенден 30 пайыз өлчөмүндө жыйым алууну пландаштырууда.

Адистердин пикири боюнча, бул биринчи кезектеги чаралар өлкөбүздүн жол инфраструктурасынын толук бузулушуна жол бербөөгө жана жолдорубузду сактап калууга гана эмес, аларды түп-тамырынан бери жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзүүгө тийиш.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД