Бишкекте жол активдерин башкаруу тутумундагы мамлекеттик саясат талкууланды

2022-жылдын 3-октябрында "Европа" отелинин жыйын залында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ишмердүүлүгүнө арналган жүргүзүлүп жаткан кайра түзүүлөр, ошондой эле келечектүү пландар боюнча "Жол активдерин башкаруу тутумундагы мамлекеттик саясат" темасындагы тегерек үстөл өттү.

Иш-чарага министр Э.Осоев башында турган КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жетекчилиги, министрликтин түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилери, "Кыргыз темир жолу" МИ УК башкы директорунун орун басары Д.Усупакунов, "КЫРГЫЗДОРТРАНСПРОЕКТ" ДИИ башкы директору Т.Ашымбеков, КР Юстиция министрлигинин, КР Ички иштер министрлигинин, КР Каржы министрлигинин, КР Экономика жана коммерция министрлигинин, КР Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун, КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары Н.Алимбеков, М.Сыдыков, М.Маматалиев, ошондой эле Азия өнүктүрүү банкынын, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын, Дүйнөлүк банктын, Жүк ташуучулар ассоциациясынын, ошондой эле эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышышты.

Тегерек үстөлдүн жүрүшүндө жол тармагын башкаруу тутумундагы реформа, 2022-ж. карата өндүрүштүк көрсөткүчтөр, Жол фондунун иши жана тараптардын өз ара аракеттешүү регламенти, жол жана транспорт тармагын өнүктүрүүнүн келечектүү пландары жана Кыргызстандагы алгачкы жогорку ылдамдыктагы унаа жолунун долбоору тууралуу маалымат берилди.

Мындан тышкары жүк унааларынан жыйым алуу жана салмак-габариттик көзөмөл маалыматтык тутумун киргизүү пландарына тийиштүү жана жыйымдарды алуунун маалыматтык тутумун киргизүүнүн эл аралык тажрыйбасы тууралуу маселелер талкууланды.

Муну менен бирге, КР Транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Н.Кайынбаев реформаларга даярдык көрүүнүн алкагында жол иштерин пландаштыруу, келишимдерди башкаруу, иштин сапатын башкаруу, жол активдерин жана унаа жолдору үчүн жер тилкелерин башкаруу маселелерин жөнгө салган 30дан ашуун ченемдик укуктук актылар иштелип чыгып, кабыл алынганын маалымдады.

Ал жол тармагын башкаруунун жаңы схемасын, жол фондунун түзүлүшүнө, жол уюмдарынын өз ара аракеттешүү схемасына токтолду.

Н.Кайынбаев жол фондунун каражаттарын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу чаралары, ошондой эле натыйжага багытталган келишимдик системаны ишке киргизүү жөнүндө айтып берди. "НБК долбоорлору кардардын керектөөлөрүн канааттандырган жумуш үчүн сый акы алууга негизделген. Башка долбоорлордогудай салынган ресурстарга эмес, акыркы жыйынтыктарга көңүл бурулат. Ошентип, натыйжасы талапка жооп бербесе, сапатсыз иш үчүн акы төлөө тобокелдиги жоюлат", - деп белгиледи ал.

Жол фондунун директору Бекназар Базаралиев транспорт тармагы үчүн каражаттарды бөлүүчү органы болуп каларын айтты. Ал фонддун ишин жандандырууга шарт түзгөн парламентке жана донорлорго ыраазычылык билдирди. Анын айтымында, акыркы жылдары жол тармагы ырааттуу өнүгүү мүмкүн эмес болгон абалда турган. Каржылоо маселеси бардык деңгээлде талкууланган. Жыйынтыгында Министрлер кабинети тарабынан Жол фондун түзүү чечими кабыл алынды.

Фонддун башчысы билдиргендей, өлкөдө ушул сыяктуу институтту түзүү тажрыйбасы болгон, бирок долбоор толук кандуу ишке ашырылган эмес.

Бүгүнкү күндө фонддун башкы жетишкендиги булактарды аныктоо болуп саналат. Фонддун 16 булагы бар, алардын негизгилери республикалык бюджеттен каражат бөлүү, КММга салыктардан акциздер, ижара үчүн (жол тилкелерин) төлөмдөр жана башкалар", - деди ал.

Базаралиев тактап кеткендей, институттун башкы милдети булактарды аккумуляциялоо жана бул каражаттарды тапшырык ээлеринин өтүнмөлөрү боюнча даректүү бөлүү болуп саналат.

"Кыргызавтожол" МИ башкы директорунун орун басары Ринат Абдраимов мамлекеттик ишкананын максаты жана милдети тууралуу айтып берди. "Негизги максат - жолдорду учурдагы оңдоо жана күтүү боюнча мамлекеттик тапшырыкты аткаруу. Өнүккөн жол түйүнүнүн участокторунда транспорт каражаттарынын үзгүлтүксүз жана коопсуз жүрүүсүн камсыз кылуу боюнча мамлекеттин, юридикалык жана жеке жактардын керектөөлөрүн канааттандыруу", - деп белгиледи ал.

Ал ошондой эле чуңкурларды бүтөө, жол кыртышын оңдоо жана жол четиндеги сервисти уюштуруу көрсөткүчтөрүнө токтолду.

АӨБнын инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу координатору С.Асаналиев жол тармагындагы инвестициялык долбоорлор, КРнын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин долбоорлору, "Түндүк-түштүк альтернативдик жолу" долбоорун ишке ашыруу баскычтары тууралуу айтып берди.

Мындан тышкары ал бул долбоор боюнча көйгөйлүү маселелер жөнүндө айтып, Бишкек-Кара-Балта, Бишкек-Ош (4-фаза), Ысык-Көл транспорттук шакекчеси, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолдорун ишке ашырууга, эл аралык маанидеги магистралдык жолдорду жакшыртууга токтолду.

Тегерек үстөлдүн күн тартибиндеги маанилүү маселелердин бири жүк унааларынан жыйымдарды алууну жана салмак-габариттик көзөмөлдү киргизүү пландарын талкуулоо болду.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин мамлекеттик-жеке өнөктөштүк бөлүм башчысы Айзада Өзбекова билдиргендей, жалпы пайдалануудагы унаа жолдордун 42 пунктунда жүк унааларынан жыйымдарды алуу жана салмак-габариттик көзөмөлдөө жабдыктары орнотулат.

2022-жылы транспорттук, анын ичинде салмак-габариттик көзөмөлдү автоматташтыруу үчүн транспорттук көзөмөлдүн 22 пунктунда (ТКП) "Электрондук транспорттук көзөмөл" ("ЭТК" АМТ) автоматташтырылган маалыматтык тутуму орнотулган. Бүгүнкү күндө Транспорт министрлиги жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда жүрүү үчүн транспорт каражаттарынын салмак-габариттик көрсөткүчтөрүнө белгиленген жол берилген ченемдерди сактабагандыгы (аша чабуу) үчүн автоматтык айыптарды киргизүү долбоорун иштеп чыгууга катышууда.

Божомолдорго ылайык, долбоор жыл сайын 2ден 5-6 млрд сомго чейинки кирешени камсыздайт. Өткөрүү пункттарын республикалык унаа жолдорунун 42 участогунда жайгаштыруу пландалууда.

"Өнөктөштөрдү тандоо боюнча процедуралар планга ылайык 2022-жылдын ноябрына чейин аяктайт. Ошондо биз МЖӨ келишимге кол коебуз, ал эми курулуш 2022-жылдын декабрында башталат, - деп белгиледи Н. Кайынбаев. – Кийинки жылдын май-июнь айларында трассалар жабдыктар менен камсыздалат".

Долбоордо өнөктөш болгон россиялык "Телематика" концернинин өкүлү жүк унааларынан жыйымдарды алуу тутумун тармакты каржылоо булагы катары карабоо керектигин билдирди. "Бул тармакты каржылоо булагы эмес, жолдорду сактап калуунун натыйжалуу ыкмасы", - деп баса көрсөттү концерндин өкүлү.

Компаниянын өкүлү талдоого ылайык, система киргизилгенден кийин, бузуулардын саны азаят, демек айыппулдардын саны дагы азаят деп кошумчалады. Компаниядан билдиришкендей, жол активдерин башкаруу бул электрондук система, ал автоматташтырылган башкаруу мүмкүнчүлүгүнөн тышкары, оор жана ири көлөмдөгү жүктөрдү ташыган транспорт каражаттарынын өтүүсү үчүн санариптештирилген уруксаттарды берүүнү да камсыздай алат.

Белгиленгендей, системаны киргизүүнүн башкы артыкчылыгы, албетте, жол түйүндөрүн жакшыртуу. Бардык эле бюджет салыктардын жана казынага түшкөн башка кирешелердин негизинде түзүлөт. Кыргызстанды алсак, бул - каражаттын өтө тартыштыгы, насыялардын эсебинен жол салуу. Мамлекет жол инфраструктурасын эле өнүктүрбөстөн, саламаттыкты сактоо, социалдык камсыздоо жана башка тармактарды да каржылашы керек.

Демилгечилердин пикиринде, кошумча каражаттарды тартуу жол катмарынын сапаты жана түйүндүн узундугу боюнча абалды бир топ жакшыртат. Мындай жол менен алынган каражаттарды учурдагы жолдорду тейлөөгө жана жаңы жолдорду курууга багыттоого болот. Мындай ыкмаларды өнүккөн өлкөлөр көптөн бери колдонуп келишет, ошондуктан алардын жол тармактарынын сапатына жана тармактуулугуна таң калуунун кереги жок.

Андан соң тегерек үстөл "суроо-жооп" форматында уланып, анда бардык учурдагы долбоорлор жана актуалдуу маселелер боюнча маалыматтар берилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД