
Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев өрткө каршы мамлекеттик кызматынын түзүлгөндүгүнүн 95 жылдыгы менен өрт өчүрүүчүлөрдү куттуктады.
Төмөндө куттуктоонун тексти толугу менен:
"Урматтуу кесиптештер! Урматтуу ардагерлер!
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жалпы жамаатынын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан 15-июнь күнү өрткө каршы мамлекеттик кызматынын түзүлгөндүгүнүн 95 жылдыгы менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Өрткө каршы кызматы түзүлгөнүнөн тарта канчалаган өрттү өчүрүп, канча деген адам өмүрүн куткарып калды. Бул аралыкта канчалаган муун алмашып, улуулары кичүүлөрүнө жол көрсөтүп, акыл-кеңешин берип, бүгүнкү күндө такшалган тажрыйбалуу адистер эмгектенүүдө.
Мына ушул кызматтын жоопкерчиликтүү түрүн тандап алып мекенибизге жан аябай кызмат көрсөтүп, кыргыз элин, жерин өрт кырсыктарынан коргоп келе жатасыздар.
Сиздердин аракетиңиздердин натыйжасы – сакталып калган өмүрлөр.
Сиздердин түйшүктүү жана сыймыктуу ишиңиздерде бекем ден соолук жана үй-бүлөңүздөргө бакыт-таалай каалайм!
Бүгүнкү майрамыңыздар кут болсун, мекенибиз тынчтыкта болсун!
Майрамыңыздар менен!", - деп айтылат билдирүүдө.