ИИМдин коопсуздук кызматы балдардын коопсуздугу боюнча кеңеш берет

Жай мезгилинде аба ырайы ысык болгондуктан тургундардын көпчүлүгү көлдүн жээктеринде же көлмөлөрдө эс алууга шашылышат. Бирок, ошол эле учурда өздөрүнүн жана балдарынын коопсуздук эрежелерин сактабагандыктан адам өмүрүн алган кырсыктар дагы катталап келет. Жайкы каникулдун башталышы менен көл жээктеринде жана дарыяларда кооптуулук күчөйт, биринчи кезекте жашы жете элек өспүрүмдөр менен болгон кырсыктар кооптонууну жаратат. Балдардын саякаты жана кызыгуусу, бош убакыттын болушу, чоңдордун туруктуу көзөмөлүнүн жоктугунан суу объектилеринде кокусунан кырсыктар катталууда.

Ага байланыштуу ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматы шаар жана айыл тургундарына көлмө жана суу жээктеринде коопсуздук эрежелерин сактоону эскертишет.

Жайдын аптаптуу күндөрүндө, суу жээктеринде балдардын кырсыкка учурап каза болуусун алдын алуу максатында, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, алдын алуу иштери уюштурулуп турат.

Жарандардан балдарга коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча төмөндөгү түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турууну суранабыз:

• Балдарды чоңдордун кароосуз суу жээктерине жиберүүгө болбойт;

• Сууга түшүп жаткан балдарга тынымсыз көз салып туруу керек;

• Сууда сүзүү учурунда, балдардын сууга секирүүсүнө жана тосмодон ашып түшүүсүнө тыюу салыңыз;

• Сууга түшүп жатканда тентектик кылбоону үйрөтүңүз;

• Балдарга чоңдордун көзөмөлүсүз, сууга түшүүгө болбойт деп эскертүү бериңиз;

• Белгисиз жерлерде, тереңдиги билинбеген жерлерде сууга түшүүгө болбойт. Ошондой эле, бийиктиктен, катер, кайктардан сууга секирүүгө тыюу салынат. Эскертүү! Эрежелерди так сактоо менен кырсыктын алдын ала аласыздар!

Мындан сырткары балдарыңыздарга жолдо жүрүү эрежелерин да эсине салып туруңуздар:

• Чоңдордун коштоосу жок, жолдон өтүүгө, же жол жээгине чыгууга болбойт;

• Жолдун ортосунан жөө өтмөктөн, жол чырактын жашыл күйгөндө гана өтүүгө уруксаат берилет;

• Жүрүү бөлүгү унаа каражаттарына гана арналган;

• Жолдо жүрүү кыймылы жол чырактын жардамы менен гана ишке ашат;

• Коомдук транспортто жүргөндө терезеден башыңды же колуңду чыгарба.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД