Футбол: Япония ири эсепте кыргыз курамасын утуп алды

Бүгүн, 15-июнда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы Японияга каршы беттеш өткөрдү.

Оюн Япониянын Суйта шаарында Бишкек убактысы менен 16:25те башталды.

Анда япониялык футболчулар: Адо Онайу 3 гол, Шо Сасаки 1 гол, Такума Асано 1 гол киргизип, командасына жеңиш алып келишти.

Кыргызстандан Мирлан Мурзаев пенальтиден 1 гол киргизди.

Белгилей кетсек, беттеш 2022-жылы Катарда боло турган Дүйнө чемпионатына жана 2023-жылы Кытайда өтө турган Азия чемпионатына тандоо оюндарынын алкагында өттү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД