Садыр Жапаров Балыкчы-Барскоон автожолун куруп баштоо тапшырмасын берди

Президент Садыр Жапаров Балыкчы-Барскоон автожолун курууну тапшырды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаров кечээ, 15-июнда, "Кумтөр Голд Компани" ЖАКынын эмгек жамааты менен баарлашууда өлкөнүн Транспорт жана коммуникациялар министрлигине "Кумтөр Голд Компани" ЖАКы менен биргеликте Балыкчы-Барскоон автожолун куруп баштоону тапшырды.

Мамлекет башчысы унаалардын үзгүлтүксүз, коопсуз жана ыңгайлуу жүрүшү үчүн бардык зарыл болгон заманбап стандарттарга жана талаптарга жооп берген кең тилкелүү жана сапаттуу жол куруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Быйыл даярдык иш-чаралары жана курулуш иштери башталат деп болжолдонууда, үстүбүздөгү жылдын күз мезгилине чейин автожолдун бир катар тилкелерине асфальт төшөө жана курулуш иштерин 2022-жылдын жаз мезгилинде улантуу пландалууда.

Садыр Жапаров учурдагы автожол эгемендүүлүк жылдарынан бери оңдолбой келе жаткандыгын, ошондой эле жолдун кууш экенин баса белгиледи.

Президент ишенимдүү жана заманбап транспорттук инфраструктураны жолго коюу аймактын экономикалык абалынын чыңдалышына, анын ичинде Ысык-Көлдүн түштүк тарабындагы туризм тармагын өнүктүрүүгө чоң түрткү берерин билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД