Эл аралык сотко кайрылгандар тууралуу президенттик аппараттын билдирүүсү

Айрым жарандардын кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларга байланыштуу Эл аралык кылмыш сотуна кайрылуу демилгеси боюнча президенттик аппарат билдирүү таратты.

Анда кыргыз – тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо саясий-дипломатиялык жолдор менен гана чечилип жатканы, аталгандай аракеттер залакасын тийгизүүсү мүмкүндүгү айтылат.

"Бүгүнкү күндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиялар өз ишин улантууда. Алар эки өлкөнүн кызыкчылыктарын эске алуу менен маселени чечүүнүн эң алгылыктуу жолдорун издеп жатат.

Азыркы учурда чек аралардын маселелери тынчтык жана сүйлөшүүлөрдүн негизинде чечиле баштаганда, айрым күчтөр кайрадан эки тараптуу мамилелерде чыңалууну жараткысы келип жатышы мүмкүн.

Чек ара маселелери өтө салмакталган мамилени талап кылууда жана бул жагдайда мындай демилгелер маселенин саясий-дипломатиялык жол менен чечилишине залакасын тийгизиши мүмкүн", - деп айтылат билдирүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД