Бишкекте таэквондо боюнча мелдеш өтөт

Бишкекте Түштүк Кореянын Кыргызстандагы элчилигинин кубогу үчүн таэквондо боюнча мелдеш өтөт. Бул тууралуу спорттук иш-чаранын уюштуруучулары билдиришти.

Мелдеш 30-октябрда "Газпром" комплексинде болот.

Спорттук иш-чара Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы дипломатиялык мамиленин 30 жылдыгына карата уюштурулуп, анын урматына Куккивондон мыкты команда келип, турнирдин ачылышында өздөрүнүн программасын көрсөтөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД