Сузакта шахта урап эки киши көз жумду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 15-июнда Сузак районунун Маркай айылындагы шахта урап 2 адам калып калган. Окуя болгон жерге барган Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары издөө иштерин жүргүзүп, саат 17:00дө урандынын алдында калган адамдардын жансыз денелерин таап, туугандарына өткөрүп беришкен.
Шахтадагы урандынын алдында калып каза болгондордун бири 46, бири 44 жашта болгон.