
Ысык-Көлдө жол кырсыгынан 2 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунун 187-чакырымында Түп районунда болгон. Анда Subaru Legacy В4 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жол кырсыгына кабылган. Анын кесепетинен 29 жана 19 жаштагы эки жигит каза болуп, дагы бир адам жаракат алган.