Окумуштуулар COVID Кытайдан биринчи АКШда пайда болгонун божомолдошууда

Изилдөөнүн жыйынтыгында илимпоздор АКШ калкынын кайсы бир бөлүгүндө антитело январдын башында пайда болгон деген тыянак чыгарышкан.

Коронавирус жуктурган алгачкы учур АКШда 2019-жылдын декабрь айында катталган. Буга аталган өлкөдө кандын үлгүлөрүнөн алынган изилдөөнүн жыйынтыгы далил болгонун РИА Новости Саламаттык сактоо улуттук институтуна таянып жазды.

"Отчёттун жыйынтыгы SARS-CoV-2 инфекциясы АКШда биз болжолдогондон да эрте пайда болгонун айгинелеп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Лабораториялык центрифугасы. Архив

COVID изилденбесе адамзат башка коркунучка кабылат. Илимпоздун эскертүүсү

Билдирмеге караганда, окумуштуулар кандын 24 миң үлгүсүн изилдеп чыгышкан. Ал үлгүлөр 2020-жылдын 2-январынан 18-мартына чейин 50 штаттын жашоочуларынын чогултулган канынан алынган. Изилдөөнүн жыйынтыгында илимпоздор АКШ калкынын кайсы бир бөлүгүндө антитело январдын башында пайда болгон деген тыянак чыгарышкан. Белгилей кетсек, 2020-жылдын башында АКШда коронавирус расмий түрдө каттала элек болчу.

Буга чейин 2020-жылдын декабрь айында америкалык Clinical Infectious Diseases журналы ушул сыяктуу изилдөөнүн жыйынтыгын жарыялаган. Анда АКШнын тургундарынын айрымдарынан коронавирус Кытайда оору пайда болгонго чейин аныкталганы айтылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД