Кыргызстандын тышкы карызы 5 млрд долларга жакындады

2021-жылдын 30-апрелине карата Кыргызстандын мамлекеттик (тышкы жана ички) карызы 4 млрд 933,06 млн долларды (418 млрд 322,79 млн сом) түздү. Бул тууралуу Каржы жана экономика министрлигинен билдиришти.

Мамлекеттик карыздын 84,8%ын же 4 млрд 182,95 млн долларды (354 млрд 713,66 млн сом) тышкы карыз, ал эми 15,2%ын же 750,11 млн долларды (63 млрд 609,14 млн сом) ички карыз түзөт.

Кыргызстан тышкы карызынын көпчүлүгүн Кытайдан, Эл аралык өнүгүү ассоциациясынан, Азия өнүктүрүү банкынан, Эл аралык валюта фондунан алган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД