Баткенде 20 млн. сомдук гектарлаган жерлер мамлекетке кайтарылды

Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүндөгү он гектар жер 2006-жылы эле А.Н. аттуу жаранга мыйзамсыз берилип кеткени аныкталды.

Баткен облустук прокуратурасы баасы 19 200 000 сом болгон 10 гектар жер тилкесин мамлекетке кайтарды. Бул тууралуу Башкы көзөмөл органынын маалымат кызматы кабарлады.

Жаңы конуштардан менчикке берилип кеткен беш тилке мамлекетке кайтарылды

Ага ылайык, Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүндөгү гектарлаган жерлер 2006-жылы эле А.Н. аттуу жаранга берилип кеткен. Жер мыйзамынын талаптарын бузуу менен токтом кабыл алынганы айтылат.

Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен топтолгон материалдар Жазык кодексинин 320-беренеси ("Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД