Мыйзамсыз кармалган депутаттар боюнча тиешелүү органдар түшүндүрмө беришсе жакшы болмок. Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов билдирди.
Анын айтымында, буга чейин депутаттарды мыйзамсыз кармоо боюнча протоколдук тапшырма берилген.
--"Тийиштүү органдар келип түшүндүрмө берсин. Алар канчалык мыйзамдуу айыпталып жаткандыгын айтып беришсе жакшы болмок", - деди ал.