
WBA версиясы боюнча орто оор салмактагы чемпион, Кыргызстанда туулуп, орус жарандыгын алган Дмитрий Бивол 5-ноябрда Абу-Дабидеги (БАЭ) "Этихад Аренада" өткөн турнирде милдеттүү атаандашы жана дүйнөнүн экс-чемпиону мексикалык мушкер Гилберто Рамирести жеңип алды.
Беттеш 12 раундга созулуп, бир добуштан Биволдун жеңиши менен аяктады. Титулду ал төртүнчү жолу коргоду.
Азыр Дмитрий Биволдун куржунунда 21 жеңиш бар, бир да ирет жеңилүү ызасын тарта элек. Анын 11 беттешин ал нокаут менен жеңген.
Эске салсак, буга чейинки беттеште Бивол мексикалык мушкер Сауль Альварести жеңген.
Мексикалык мушкер Гилберто Рамирес үчүн бул жеңилүү карьерасында биринчи жолу болуп отурат. Буга чейин ал 44 беттеште 44 жеңишке жетишкен.