А.Жапаров: "Кумтөр" боюнча талашсыз далилдер топтолду

"Кумтөр" кенинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын ишинин биринчи этабы жыйынтыкталды.

Бул тууралуу комиссиянын төрагасы, депутат Акылбек Жапаров 20-майдагы басма сөз жыйынында билдирди.

300гө жакын барактан турган отчет түзүлдү. Анда "Кыргыз Голд" компаниясы Кыргызстандагы ишкана. Салыкты убагында төлөп, мыйзамдарды сактоого милдеттүү деп белгиленди.

Ошондой эле, сууга канчалык зыян келтирилгени аныкталып, далил топтолот. Мындан тышкары, Эсеп палатасынын изилдөөлөрүнү жыйынтыктары да камтылды. Акылбек Жапаровдун айтымында, отчетто талаш-тартышсыз далилдер топтолду.

17-майда салык боюнча акты түзүлүп, "Кумтөр Голд" ишканасына берилди. Жапаровдун айтымында экологиялык зыян келтирилгени талашсыз далилденет.

Экологиялык зыяндын айынан 60 киши майып болуп, 19 киши каза болгон.

"Кумтөр"кенинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын иши дагы 3 айга узартылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД