
Кыргызстан кышкы эс алуу боюнча КМШ өлкөлөрүнүн алдыңкы үчтүгүнө кирди.
ТурСтат порталы түзгөн рейтингде, туристтерди кызыктырган беш өлкөнүн ичинде Казакстан, Азербайжан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Армения бар.
Аталган порталдын маалыматына караганда, рейтингди түзүүдө өлкөлөрдүн туристтер арасындагы популярдуулугу жана туризм инфраструктурасынын өнүккөнү эске алынган.
Кыргызстанда кышкысын туристтерди Бишкек жана Каракол шаарлары, Караколдогу тоо-лыжа курорту, Бишкекке жакын жайгашкан лыжа базалары жана Ысык-Көл кызыктырат.
Рейтинг:
Казакстан: Астана, Алматы, Шымбулак, Бурабай
Азербайжан: Баку, Шахдаг, Нафталан
Кыргызстан: Бишкек, Каракол, Ысык-Көл
Өзбекстан: Ташкент, Чимган
Армения: Ереван, Цахкадзор