
Сунушталып жаткан "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзам долбоору кабыл алынса дүйнөгө шылдың болобуз. Мындай пикирин VB.KG`ге Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин мурдагы жетекчиси Бакыт Рыспаев билдирди.
Ал аталган мыйзам долбоорун окуп, таң болгонун айтат. Анткени анда жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө өтө орунсуз сунуштар берилген жана мыйзам долбоору Конституцияга каршы келет дейт.
"Жаңы мыйзам долбоорунда айыл өкмөт башчысын жана шаар мэрин аким дайындайт деген бар экен. Бул өтө туура эмес, себеби аталган кызматтар шайлоо жолу менен келе турган кызматтар, төмөндөн жогору көздөй кете турган.
Мамлекеттик башкаруу болсо жогорудан төмөн көздөй түшөт дагы кызматкерлер дайындалат. Ал эми жергиликтүү өз алдынча башкарууда жетекчилер шайланат, бул мамлекеттик башкаруудан бөлүнгөн өзүнчө система.
Өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн баарында ушундай, бул мыйзам долбоору кабыл алынса дүйнөгө шылдың болобуз.
Биздин жаңы Конституцияда дагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу мамлекеттик башкаруудан ажыратылганы так жазылып турат. Ал эми аталган мыйзам долбоору ага карама-кашы келет", - дейт эксперт.
Анын айтымында мындан сырткары дагы одоно каталар көп. Алардын бири мыйзам долбоорундагы жергиликтүү кеңештерде депутаттардын саны. Анда айылдык кеңештин депутаттары ошол айылдагы элдин санына жараша болот, миң адамга бир депутат деп көрсөтүлгөн.
"Билесиңер айыл аймактарынын элинин саны ар кандай. Эки жүз кишиси бар айыл аймактары бар, ошол эле учурда 55 миң калкы бар айыл аймактары дагы бар. Анда 55 миң калкы бар айылга 55 депутат шайланышы керекпи? Анда ал өзүнчө эле курултай болуп, Жогорку Кеңештен дагы көп болуп кетип жатпайбы.
Ал эми элинин саны аздарга кеминде 9 депутат болушу керек деп көрсөтүлүптүр. Бирок айылдык кеңештерде 9 эл өкүлү аз болору иш жүзүндө буга чейин далилденген. Анткени айылдык кеңеште туруктуу комиссиялар болот, ал кеминде үчөө болушу керек. Бири финансы-экономикалык, экинчиси муниципалдык менчик жана үчүнчүсү социалдык маселелер боюнча. Мыйзамга ылайык, ага үчтөн кем эмес депутат кирүүсү зарыл. Кеңештин төрагасы менен менен орун басары туруктуу комиссияларга мүчө боло албайт. Мындай болгондо 7 депутат 3 комиссиялык топту түзө албайт", - дейт Рысбаев.
Ал аталган мыйзам долбоорун бөйрөктөн шыйрак чыгарган демилге катары сыпааттайт. Анткени бир топ убакыттан бери атайын адистерден турган топ жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө кодекс даярдап жатса, чала-бучук иштелген бул мыйзамды сунуштоонун зарылдыгы жок эле дейт.
Мындан сырткары, өнүккөн өлкөлөрдүн баарында мэр, айыл өкмөт башчылары шайланарын, коңшу Казакстан менен Өзбекстан да ушул системага өтүп жатканына токтолду.
"Дүйнөдөгү өнүккөн мамлекеттердин баарында мэр, айыл өкмөт башчылары шайланат. Көпчүлүк жерде эл, азырак жерде депутаттар шайлашат. Ошол эле АКШ, Орусия, Түркия, Европа мамлекеттеринин баарында ушундай. Бул сунушталып жаткан мыйзамды кабыл алсак кайра артка кетебиз", - деп сөзүн жыйынтыктады Бакыт Рыспаев.