
Өмүрбек Бабанов "Кумтөр иши" боюнча камакка алынгандан кийин коомчулукта ал тууралуу талаш-тартыштар кызуу жүрүүдө.
Социалдык тармактарда тарапташтары ал ак экенин жазып, ага карама-каршы пикирлерин билдиргендер да болууда. Бирок бул окуянын ак-карасын билбей суроо салгандар да көп.
Бүгүн, 16-июнда төкмө акын Жеңишбек Жумакадыр да "Өмүрбек Бабанов премьер-министр кезинде кандай иштеген" деп суроо салган.
Ал билдирүүнүн алдына жүздөгөн адамдар өз пикирлерин калтырышкан.
Алардын арасында Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев дагы билдирүү калтырып, Өмүрбек Бабанов премьер-министр кезинде жакшы иштеген деген пикирин билдирген.