
Бүгүн, 11-ноябрда Бишкекте самбо боюнча дүйнө чемпионаты башталат.
Биринчилик "Газпром" ден соолукту чыңдоо борборунда өтүп, 13-ноябрга чейин уланат.
Мелдеш спорттук жана күжүрмөн самбо боюнча кыз-келиндер жана эркектер арасында өтөт. Чемпионатка 50дөн ашык мамлекеттен спортчулар келет. Ошондой эле, самбо боюнча дүйнө чемпионатынын тарыхында алгач ирет бул биринчиликке качкындар командасы катышат.
Чемпионаттын алкагында төмөнкү салмак категорияларда беттештер өтөт:
Эркектер: 58, 64, 71, 79, 88, 98, 98 кг жогору;
Кыз-келиндер: 50, 54, 59, 65, 72, 80, 80 кг жогору;
Күжүрмөн самбо: 58, 64, 71, 79, 88, 98, 98 кг жогору.
Чемпионаттын байге фонду 231 миң долларды түзөт.
1-орун- 4000 доллар;
2-орун- 3000 доллар;
3-орун- 2000 доллар.
Кыргызстандын атынан дүйнө чемпионатына 21 спортчу катышат.