Жаза аткаруу кызматында футбол боюнча беттеш болуп өттү

ДОКтун футбол аянтында подполковник Абжалбек Жанаевдин элесине арналган спорттук турнир болуп өттү. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, КР Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын Кайтаруу жана күзөтүү департаментинде футбол боюнча беттешүү болуп өттү.

Күч түзүмдөрүнөн 6 команда катышкан турнир подполковник Абжалбек Жанаевдин жаркын элесине арналды.

Жыйынтыгында 1-орунду департаменттин командасы, 2-орунду ЖАКнын ардагерлери ээледи. 3-орунду "Достор" командасынан А.Жанаевдин достору ээлешти.

Мындай эскерүү мелдештери, жолугушуулар үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат, бул коллективдин биримдигин чыңдоо, кесиптештердин бири-бирине колдоо көрсөтүү максатын көздөйт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД