Самаркандда ТМУ Саммитинин жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду

Самарканд шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) катышуучу-өлкөлөрдүн башчыларынын Саммитинин тогузунчу жыйынынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду.

Уюмга мүчө-мамлекеттер - Кыргыз Республикасынын, Азербайжан Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Түрк Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын башчылары төмөнкү документтерге кол коюшту:

- Түрк мамлекеттер уюмунун 9-Саммитинин Самарканд декларациясы;

- "Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгынын Кеңешин түзүү боюнча Нахичевань макулдашуусуна" өзгөртүү киргизүү жөнүндө протокол;

- "Түрк мамлекеттер уюмунун процедуралар эрежеси" жөнүндө чечим;

- "Түрк мамлекеттер уюмунун соодага көмөктөшүү стратегиясы" жөнүндө чечим;

- "Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысын дайындоо" жөнүндө чечим;

Ошондой эле төмөнкүдөй чечимдер кабыл алынды:

- Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы эл аралык бириктирилген ташуулар жөнүндө макулдашуу жөнүндө;

- Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы бажы коридорун жөнөкөйлөтүү боюнча макулдашуу жөнүндө;

- Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-мамлекеттердин тиешелүү мекемелеринин ортосундагы персоналды башкаруунун санариптик системалары боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму жөнүндө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД