
ИИМдин Ички аскерлеринин аскер кызматчылары чемпионаттарда алдыңкы орундарды багындырууда. Бул тууралуу ИИМдин Ички аскерлеринин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2022-жылдын 11-13-ноябрь күндөрү Бишкекте самбо боюнча дүйнө чемпионаты өтүп жатат. Жогорудагы чемпионатка Кыргыз Республикасынын ИИМнин Ички аскерлеринин 705 аскер бөлүгүнүн аскер кызматчылары прапорщик Карыяев Дайыр жана кенже сержант Асылбек уулу Жамалбек катышууда.
Бул чемпионатка ар тараптуу контингенттердин мыкты спортчулары чогулуп, алар 55 ашуун өлкөлөрдөн келишкен. ИИМдин Ички аскерлеринин 705 аскер бөлүгүнүн аскер кызматчылары чемпионатта Кыргыз Республикасынын желегин татыктуу көтөрүп, дүйнө элинин алдында күжүрмөн жөндөмдүүлүгүн жогорку деңгээлде көрсөтүүдө. Кечээ, бул чемпионатта 77 кг салмак категориясы боюнча прапорщик Дайыр Карыяев 1-орунду, ал эми 88 кг салмак категориясы боюнча 3-орунду кенже сержант Асылбек уулу Жамалбек ээледи.
Мындан тышкары Ички аскерлердин 704, 714 аскердик бөлүктөрүнүн аскер кызматчылары 97 кг салмак категориясында майор Ринат Байшериев, 57 кг салмак боюнча сержант Максат Черикбаев жана 88 кг салмак боюнча сержант Нурсултан Эсенов Татарстан Республикасынын Казань шаарында аскердик кармашып урушуу боюнча Азия чемпионатына катышууда.
Бул чемпионатта Майор Ринат Байшериев 3-орунду орунду ээледи.