Юрист: Төрөбай Зулпукаровдун абакта кармалуусу мыйзамсыз

Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаровдун абакта кармалуусу мыйзамсыз. Мындай пикирин адвокат Таалайгүл Токтакунова "Фейсбук" баракчасына жазды.

Анын айтымында депутат азыр Конституциясынын ченемдерине каршы УКМКнын СИЗОсунда кармалып турат.

"Төрөбай Зулпукаровдун жасалма делген дипломун талкуулап бүтүштү, эми депутаттын кармалышынын мыйзамдуулугун талкуулайлы. Жаңы Конституциябыздын иштей баштаганына бир ай эле болгонуна карабай эми эле анын нормаларын буза баштадык.

Эски Конституция боюнча депутаттарды өзгөчө оор кылмышка шектелсе Жогорку Кеңештин макулдугусуз жоопко тартса болот эле, ошондуктан аларды дайыма Коррупция беренеси менен айыптап, убактылуу кармоочу жайга киргизип коюшчу.

Бирок, Конституциянын учурдагы редакциясына ылайык, укук коргоо органдары депутатка карата кандай берене менен иш козгобосун, Жогорку кеңештин макулдугусуз (кеминде 61 добуш)аны жоопко тарта алышпайт. Депутат кылмыш үстүндө кармалганда гана парламенттин макулдугунун кереги жок. Төрөбай Зулпукаров кылмыш болгон жерден кармалдыбы, албетте, жок!

Бүгүнкү күндө эл өкүлү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине каршы УКМКнын СИЗОсунда кармалып турат", - деп жазган Токтакунова.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД