Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Алмаз Бакетаев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу шардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бакетаев башка жумушка өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулган. Анын ордуна Жамалбек Ырсалиев Бишкек шаарынын турак жай-коммуналдык чарба маселелери боюнча биринчи вице-мэри болуп дайындалды.
Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Бактыбек Кудайбергенов кол койгон.