
"Бизнесмендер кеткиле, юристтер жардам бере албайт" мындай билдирүү менен ишкерлерге "Адилет" укук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова кайрылды.
Укук коргоочу "Фейсбук" баракчасына кыска, бирок эмоционалдуу билдирүү калтырды:
"Маалыматтар бүт СИЗО тууралуу! "Ыктырчылардын көрсөтмөсү" менен эле камап коюуга болбойт. Ушакчылардын өлкөсү, өлкө -түрмө... Ишкерлер кеткиле, юристтер жардам бере албайт - мыйзам өлгөн!", - деп жазды Жакупова.