Вирус жугузгандардын көбү мурдагыдай эле Бишкек шаары менен Чүй облусунда болуп жатат. Алардан кийинки орунда Ысык-Көл облусу турат.
Өлкө боюнча бир сутка ичинде 361 кишиден коронавирус табылып, 320 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Бишкек шаары – 193;
Ош шаары – 5;
Чүй облусу – 96;
Ош облусу – 13;
Талас облусу – 6;
Нарын облусу – 13;
Ысык-Көл облусу – 28;
Жалал-Абад облусу – 4;
Баткен облусу – 3.
Ушуну менен коронавирус жуктургандардын жалпы саны 101 580ге жетти.
Айыккандар:
Бишкек шаары – 177;
Ош шаары – 10;
Чүй облусу – 85;
Талас облусу – 1;
Нарын облусу – 16;
Ысык-Көл облусу – 22;
Жалал-Абад облусу – 8;
Баткен облусу – 1.
Жалпысынан 94 803 бейтап дартты жеңди.
Тилекке каршы, өткөн суткада илдет дагы төрт адамдын өмүрүн алды. Анын ичинен экөө Бишкектен болсо, экөө Чүйдөн экени белгилүү болду. Жалпысынан коронавирустан 1 729 адам каза тапты.
Акыркы суткада 5 420 кишиге ПЦР-изилдөө жүргүзүлдү.