Жыл башынан бери Кыргызстандын экономикасы 1,6% начарлады

Улуттук статистика комитетитинин эсебинде, ушул жылдын январь-май айларында ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) көлөмү 215 миллиард сомдон ашып, 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,6%га төмөндөдү.

Кумтөр алтын кенин эсепке албаганда атамекендик өндүрүштө өсүү байкалып, ички дүң өнүм беш айдын ичинде 192 миллиард сом болду же 3,5%га жогорулады.

Өнөр жай продукцияларынын көлөмү өткөн жылдын январь-май айларына салыштырмалуу 9,7%га, курулуш тармагы 15,9%га төмөндөдү. Айыл-чарба багыты 1,2%га, дүң жана чекене соода тармагында көрсөткүчтөр 9,9%га пайызга өстү.

Өткөн жылдын декабрь айына салыштырмалуу өлкөдө тамак-аш продуктулары менен алкоголсуз суусундуктардын баасы 6,8%га, азык-түлүктүкү 3%га өстү.

Картошканын баасы 33,9%га, кумшекердики 20,6%га, тамак-аш майлары 19%га, кой эти 14,2%га, тооктун жумурткасы 13%га, жер-жемиштер 12%га, балык 5,1%га жана нан 2,8%га көтөрүлгөн.

ИДӨ - өлкөдө өндүрүлгөн товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү. Ал экономиканын эң негизги көрсөткүчү катары каралат.

2019-жылы Кыргызстандын ИДӨсү Улуттук статистика комитетинин такталган эсебинде 618 млрд сомдон ашкан. Көрсөткүч 2017-жылы 530 млрд сомдон, 2018-жылы 569 млрд сомдон жогору болгону такталган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД