
Ош шаардык ички иштер башкармалыгына 27-марттан 28-мартка караган түнү Ош шаарынын тургуну Э. А. "Деу-Нексия" үлгүсүндөгү машинасын белгисиз адамдар уурдап кеткендиги боюнча арыз менен кайрылган.
Жабырлануучу А. Э. автоунаасын өзү жашаган Алай көчөсүндөгү үйүнүн алдынан уурдаткан. Шектүү Ж.К унааны токтоп турган жеринен айдап, окуя болгон жерден изин жашырган.
Бул окуядан соң кылмышка шектүү Ж.К. кылмыш аракеттерин улантып, 7-июндан 8-июнга караган түнү Ош шаарындагы А. Навои көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн алдынан К. Мга таандык "Хонда Фит" автоунаасын уурдаган. Жабырлануучу аталган окуя боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылган.
Аталган факты боюнча 11-июнь күнү ыкчам аракеттердин негизинде кылмышка шектүү катары Баткен облусунун 2005-жылы туулган Ж.К. аттуу жаран кармалды.
Шектүүнүн алгачкы көрсөтмөсүнө ылайык, Ж.К. алгач "Деу Нексия" үлгүсүндөгү унааны Оштон өзү жашаган Баткенге уурдап айдап кетет. Атасына машинаны сатып алганын айткан. Атасы уурдалган машинага башка мамлекеттик белгидеги номер тагып айдап жүргөндө Баткен облусунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлерине кармалып, машина айып короого киргизилет. Ал учурда баласы экинчи "Хонда Фит" үлгүсүндөгү автоунаасын Ош шаарынан уурдап, Кадамжай районуна айдап бара жаткан учурда Ош ШИИБнын ыкчам кызматкерлери тарабынан кармалган.
Аталган окуя Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 206-беренесинин 1-бөлүмү менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Бүгүнкү күндө тергөө иштери уланууда.
Уурдарган автоунаалар өз ээлерине өткөрүлүп берилди.