Алмаз Сокеев: "Казакстанга суу сатылган жок"

Казакстанга суу сатылып жатат деген сөздөр чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда сугат суунун тартыштыгы жана азык-түлүк коопсуздугу боюнча маалымат жыйында суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору Алмаз Сокеев айтты.

"Казакстанга суу сатылып жатат деген сөз туура эмес. Бизде эле эмес, Казакстанда дагы суу тартыш, анын себеби мөңгүлөрдүн эрибей жатканы менен байланыштуу. Чу дарыясынын 42 пайызы аларга караштуу, 58 пайызы бизге караштуу. Ошондуктан аларга 42 пайыз өздөрүнүн үлүшү кетет, бизге 58 пайыз өзүбүздүн үлүш келет. Ошону туура эмес түшүнүп жатышат", - деди Сокеев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД