Бишкек мэриясы сууга аккан кичинекей кызды куткарган тургунду сыйлады

Бишкек мэринин милдетин аткарып жаткан Бактыбек Кудайбергенов кичинекей кызды шар аккан каналдан куткарып калган калаа тургуну Залкарбек Сулаймановду сыйлады. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.

Кызды аман алып калган кишиге мэриянын Ардак грамотасы берилген. Шаар башчысы Бактыбек Кудайбергенов анын эр жүрөктүгүнө жана активдүү жарандык позициясына ыраазычылык билдирген.

Окуя 10-июнда Аламүдүн-1 кичирайонунда болгон. Анда шар аккан каналга түшүп кеткен кызды ошол жактан өтүп бараткан киши сактап калган.

Мэрия шаардыктарды балдарды көлмөлөрдө жана каналдарда кароосуз калтырбоону эскертти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД