Эртең "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзам долбоору талкууланат

Бишкек шаарында тегерек стол өтөт. Анда жакында эле президенттин сайтына илинип, коомдук талкууга чыгарылган "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзам долбоорунун күңгөй-тескейи талкууланат.

Тегерек стол жарандык коомдун жана өкмөт өкүлдөрүнүн катышуусунда өтөт. Ошондой эле айрым айыл өкмөттөрдүн жетекчилери келери күтүлүүдө.

Эксперт катары "Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс" долбоорунун жетекчиси Бекболот Бекиев, кодекстти даярдоо долбоорунун түзүмдөр аралык жумушчу тобунун мүчөлөрү Куванычбек Шадыбеков жана Болот Асанакунов чакырылган.

Өтүүчү жер: "Вечерний Бишкек" гезитинин жыйындар залы.

Убактысы: 2021-жыл, 17-июнь, саат 11:00.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД