Абдиев: "Орхан Инанды уурдоо кылдаттык менен пландаштырылган"

Орхан Инандынын уурдалышы – узак убакыттан бери даярдалган иш. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев билдирди.

Жыйында депутат Дастан Бекешев Орхан Инандыны жоголушу боюнча сөз кылып, коомчулукта ал Кыргызстандан чыгарылып кеткен деген сөздөр жүрүп жатканын айтты. Ал ИИМ өкүлүнө "Бул жерде саясат болгон жокпу?" - деген суроо салды.

"Бул жерде саясат бар же жок экенин билбейбиз. Бир нече версиялар боюнча иш жүрүп жатат. Бул иш көптөн бери даярдалган. Ал буйрутманын негизинде жакшы даярдалгандыктан бул иш эки жумадан бери ачылбай жатат. Аны ачуу убакытты талап кылат", - деди Абдиев.

Эскерте кетсек, Орхан Инанды 31-майдан 1-июнга караган түнү белгисиз адамдар уурдап кеткен. ИИМ бул факты боюнча "Адам уурдоо" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД