Чек ара аймактарында жарандарга курал берүү мыйзамы коомдук талкууга коюлду

Жогорку Кеңештин бир нече депутаты чек ара аймактарында жашаган жарандарды атайын даярдыктан өткөрүү менен курал колдонууга уруксат берген мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыгышты. Ал мыйзам долбоору менен бул жактан таанышсаңыз болот.

"Чек арадагы ыйгарым укуктар жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштаган эл өкүлдөрүнүн бири Абдывахап Нурбаев "Азаттыкка" мындай деди.

"Жергиликтүү тургундар аймакты жакшы билет. Өткөндөгү жаңжалда жарандар аскерлерге жол көрсөтүп жүргөн учурлар болуптур. Тургундарга ээн-эркин курал берүү эмес, атайын сабактардан өткөн топтор болот. Аларга бекиген куралдар чек ара кызматында турат. Жаңжал болуп, коргонууга туура келгенде чек арачыларга жардам берет", - деди Нурбаев.

Президент Садыр Жапаров 5-майда жаңы Конституцияга кол коюп, өлкө элине кайрылуу учурунда "өлкө бүтүндүгүнө коркунуч туудурган окуяга күбө болдук" деп, кыргыз армиясында реформа башталарын жарыялаган. Жапаров реформанын бир багыты катары чек ара аймактарында элдик кошуундарды түзүүнү атаган.

Быйыл 28-29-30-апрелдеги жана 1-майдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык, 19 тажикстандык каза болгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД