Бишкектеги көңүл ачуучу жайлардын ишине чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 17-июндан тарта, Бишкектеги түнкү клуб, кафе, ресторан, караоке сыяктуу көңүл ачуучу жайлардын ишине чектөөлөр киргизилет. Көңүл ачуу жайлар түнкү 23:00дөн таңкы 07:00гө чейин жабылат. Бирок ошол эле учурда тамак-аш жеткирип берүү кызматтары кадимкидей эле иштей берет.
Көңүл ачуучу жайларга атайын рейддер жүргүзүлүп, катуу текшерүүлөр болот.
Мындай чектөөлөр эпидемиологиялык абал жакшырганга чейин уланат.