Эльвира Сурабалдиева өкмөт башчыга салык боюнча комиссия түзүүнү сунуштады

Бүгүн Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында эл өкүлү Эльвира Сурабалдиева КРнын премьер-министри Акылбек Жапаровго кайрылып, анын туугандарына кысым болуп жатканын айтып нааразы болду. Эл өкүлүнүн айтымында Мамлекеттик Салык кызматы 2022-жылды 2 ай, тагыраагы июль, август айларында "Кудайберген" базарын текшергенин жана ал жактан мыйзам бузуулар болбогонун айтты.

"Комиссия түзүп текшерели. Сиз жана сиздин орунбасарларыңыз кандай негизде салык төлөп келгенин ачык-айкын текшертүүгө макулсузбу?! Буга чейин да менин туугандарым ээлик кылган "Кудайберген" базарын 2 ай текшердиңер. Мени "Чүй элин көтөрүп жатат, аудио бар" деп караладыңыздар. Мен чагымчыл эмесмин, Кудай алдында тазамын",-десем эч кимиңер жооп бере алган жоксуңар.! "-деди ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД