Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрликтин түзүмүндөгү билим берүү, театр-оюн-зоок мекемелеринин, клуб, музей, китепкана, маданият үйлөрүнүн кызматкерлери аттестациялоодон өтөт. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, аттестациялоо министрликтин 2022-жылдын 21-октябрындагы №581 буйругу менен бекитилген жобого ылайык жүргүзүлөт.
Аттестациядан өтүү боюнча тийиштүү кызматкерлерге алдын ала маалымдама берилген. Учурда тиешелүү иш-аракеттер жүрүп жатат.
Төмөндөгү график театр-оюн-зоок мекемелеринин, клуб, музей, китепкана жана маданият үйүнүн кызматкерлерине тиешелүү:
Бишкек шаары жана Чүй облусу - 14нөн 31-декабрга чейин;
Ысык-Көл облусу - 2023-жылдын 10нан 20-январга чейин;
Нарын облусу - 2023-жылдын 17нен 31-январга чейин;
Талас облусу - 2023-жылдын 24-январынан 10-февралга чейин;
Баткен облусу - 2023-жылдын 7нен 25 февралга чейин;
Ош облусу - 2023-жылдын 14-февралынан 3-мартка чейин;
Жалал-Абад облусу - 2023-жылдын 28-февралынан 17-мартка чейин.
Ал эми билим берүү мекемелеринде иштеген кызматкерлер төмөнкү график боюнча аттестация тапшырат:
Ысык-Көл жана Нарын облустары - 2022-жылыдн 14нөн 23-декабрга чейин;
Талас облусу - 2023-жылдын 10нан 13-январга чейин;
Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустары - 2023-жылдын 16-январынан 7-февралга чейин;
Бишкек шаары, Чүй облусу - 2023-жылдын 27-февралынан 10-мартка чейин.