Баткенде ВМV ала салып бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 11-июнда Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 158-чакырымында, Кадамжай районунда болгон. Анда ВМV үлгүсүндөгү жеңил унаанын дөңгөлөгү жарылып жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Унаанын ичинде 4 адам болгон, 1 адам ошол жерде каза болуп, 2 адам оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.
Көз жумган адам Өзбекстандын жараны болгон.