Тайбоксчу Никита Цойду кесиптештери аэропорттон тосуп алышты

Тайбоксчу Никита Цойдун кесиптештери аны Таиланддан тай боксу боюнча дүйнөнүн төрт жолку чемпионунун куру менен кайтып келгенден кийин "Манас" аэропортунан салтанаттуу тосуп алышты. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, мекеменин жетекчиси, и/к полковниги А.Айманбетов баштаган 27 жаштагы Цой кызмат өтөп жаткан №31 медициналык түзөтүү мекемесинин кызматкерлери, кесиптештери, жакындары жана ошондой эле достору жана күйөрмандары жаш офицерди гүл жана дүркүрөгөн кол чабуулар менен тосуп алышты.

Алар Таиланд королдугунун Паттайя шаарында өткөн Дүйнөлүк World Muaythai Federation эл аралык мелдештерине катышкан муайтай федерациясынын Кыргызстандын курама командасынын мүчөлөрүн тосуп алышты.

Чүй районунун Молдовановка айылындагы №31 мекемесинде тиш доктур болуп иштеген Никита Цой муай-тай боюнча дүйнө чемпиондугун төртүнчү жолу, бул өнөрдүн мекенинде коргоого жетишти.

"ЖАКнын жалпы жамааты Кыргызстандын атын бүткүл планетага даңазалаган жогорку деңгээлдеги спорт чеберлери биздин катарда кызмат кылып жатканы чоң сыймык!", - деп айтылат маалыматта.

"Манастагы" жолугушууда чемпиондун дарегине көптөгөн жылуу сөздөр, куттуктоолор айтылып, жаңы ийгиликтерди каалашты.

Өз кезегинде Н.Цой спортчуга турнирине даярдануусу жана интенсивдүү машыгуусу үчүн атайын убакыт бөлүп, ар кандай колдоо көрсөтүп, көңүл буруп жаткан ЖАКнын жетекчилигине ыраазычылык билдирди.

Эске салсак, Никита Александрович Бишкекте дарыгерлердин үй-бүлөсүндө туулган (атасы да тиш доктур, ЖАКнын медицина бөлүмүндө иштеген подполковник), машыктыруучусу Айталиев Сыргактын жетекчилигинде өнөрүн көрсөтүп келет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД