А.Кадырбекова Н.Насип менен жолугушканы тууралуу үн катты

Түркияга барып медициналык кароодон өтүп келген ырчы Асел Кадырбекова Нурлан Насип менен болгон мамилеси жана алардын Түркиядагы жолугушуусу тууралуу үн катты. Ал социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырып, үй-бүлөлүк видео жүктөдү.

Видеону көргөндөрдүн көпчүлүгү аларга жакшы каалоо-тилектерин жазышууда.

"Бизге бакыт каалагандарга рахмат. Бакытты ар ким өзүнүн каалоосуна жараша алат. Биз кызыбыз үчүн жакшы мамилени кармап калабыз. Ал (ред.: Нурлан Насип) бул жакка өзүнүн жеке жумуштары менен келип, кызын көрүп, аны дагы клипке тартайын деди. Мен колдодум", - деген ал.

Ошондой эле жеке жашоосу тууралуу суроолор көп берилип жатканын, бул жабык тема экенин айтат.

"Бул туурасында такыр ооз ачкым келбейт. Баарына эле түшүнүктүү болсо керек. Тагдырын ушундай жол менен чечкен биринчи жана акыркы үй-бүлө жалгыз эле биз эмеспиз. Бул эки тараптуу чечим. Болгону бизди колдоп койгула жана талкуулабагыла. Маңдайга жазылганын көрөбүз", - деп жазылат билдирүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД