Абдил Сегизбаев июлга чейин камакта калтырылды

Башкы прокуратура Сегизбаевге карата алты кылмыш иши козголгонун, анын бири жашыруун экенин билдирген.

Мурдагы башкы чекист Абдил Сегизбаев УКМКнын абагында 25-июлга чейин калтырылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук соту кабарлады.

Жарандык активист Жеңиш Молдокматов. Архив

Баш коргоо чарасын узартуу чечими бүгүн кабыл алынган.

Башкы прокуратура Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы башчысы Абдил Сегизбаевге карата алты кылмыш иши козголгонун, бир иш жашыруун грифи менен өтүп жатканын кабарлаган. Көбү атайын кызматтагы ишмердүүлүгүнө, ошондой эле жерлерди мыйзамсыз алууга байланыштуу.

Сегизбаев президенттикке талапкер болгон. Шайлоодон эки жума өткөндөн кийин, 25-январда, кармалган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД