Мендекеев: Кайсы мыйзам болбосун Конституцияга шайкеш келиши керек

Сунушталып жаткан "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзам долбоорун Конституцияга шайкеш келтириш керек. Мындай пикирин Айыл чарба суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин Аймактарды өнүктүрүү агенттигинин өкүлү Рахманкул Мендекеев талкууланып жаткан тегерек столдун жүрүшүндө билдирди.

Ал өз сөзүндө аталган мыйзам долбоорунун артыкчылыктары да кемчиликтери да бар экенинине токтолуп, алардын бири Конституцияга шайкеш келбей калгандыгы экенин айтты.

"Мында талаш Жергиликтүү өз алдынча башкарууда жергиликтүү бийликтин жетекчилерин дайындоонун тегерегинде болуп жаткандай. Долбоорду даярдоодо негизги максат өзү практикада жакшы натыйжа берген нерсени мыйзамдаштыруу. Бул долбоордун ар кандай жерлери бар экен, жакшы дагы терс дагы. Жаман жагы биздин Конституцияга шайкеш келбей калыптыр. Аны шайкеш келтирүү зарыл. Бизде көп мыйзамдар бар бири-бирине каршы келип мыйзам талаасында баш аламандык жараткан. Алардын көпчүлүгү чыккан боюнча эле колдонулбай жатат. Ошондой болуп калбашы үчүн дыкат иштеп чыгып, мыйзам долбооруна биз дагы шашпай баа беришибиз керек. Конституцияга каршы келгенин шайкеш келтирип, калганын оңдоп түзөп коюш керек", - дейт Мендекеев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД