Каакым гүлүнүн ден-соолукка пайдасы

Каакым – жаздын алгачкы гүлдөгөн гүлдөрүнүн бири. Ал мекенибиздин ар бир булуң-бурчунда өсөт. Биз бүгүн сиздерге каакымдын ден-соолукка пайдасы тууралуу кеп кылмакчыбыз.

Диабет болгон кезде

Каакымдын майдалап тууралган тамырын 1 стаканга салып, чай сыяктуу кайнатып ичиңиз. күнүнө ушундай 3-4 жолу ичип турсаңыз, диабетти алдын аласыз.

Онкологиялык ооруларда

Каакымдын 100 г жаш жалбырагын тузду сууга малып, ага 50 г майдалап тууралган пияз менен 25 г петрушка кошуп, өсүмдүк майы менен аралаштырып ичиңиз. ошондо сиз түрдүү онкологиялык оорудан аман каласыз. Алсырап калган кезде да пайдасы мол.

Бөйрөктүн оруксунуусу

Каакымдын тамырын майдалап алып, күнүнө 2 жолудан тамак ичердин алдында жарым саат мурун жеп туруңуз.

Жүрөк ооруларына

Каакымдын тамырын кугатып, жеп артынан суу ичип алыңыз. Ушуну күнүнө 2-3 жолу кайталап турсаңыз, жүрөк ооруларынан кутуласыз.

Арыктагыңыз келсе

2 аш кашык же 1 аш кашык каакым жалбырагын сууга салып кайнатып, 6-8 саат аралыгында термосто сактаңыз. Кийин аз-аздан жутуп туруңуз.

Териңизди агартуу үчүн

Каакым гүлүн 0,5 л сууга жарым саат кайнатып, бетиңизди эртең менен жана кечинде сүртүп туруңуз.

Азыркы күндө өсүмдүктөн чыккан сүттөн турдүү майлар жасалат. Алар сөөл, сыздоок, сепкил, ала, жылан чакканда жардам берет.

Окуп жана бөлушунуздөр..


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД