"ЖӨБ боюнча мыйзам долбоору Түркмөнстанда дагы жок эрежени киргизүүдө"

Сунушталып жаткан "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзам долбоору бизге Түркмөнстанда дагы жок нерсени киргизүүдө. Мындай пикирин тегерек столдо Кодекстти даярдоо долбоорунун түзүмдөр аралык жумушчу тобунун мүчөсү Болот Асанакунов билдирди.

Ал азыр коомдук талкууда турган "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзам долбоору Конституцияга каршы келерин белгилеп, андагы сунуштар абсурд деген пикирин билдирди.

"Мына дүйнөдөгү авторитардык делген өлкөлөрдөгү жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасына токтолсок, Түркмөнстанды алалы анда жергиликтүү кеңештин төрагасы жергиликтүү бийликтин жетекчиси. Жада калса авторитардык өлкөдө жергиликтүү бийликтин жетекчиси шайланып жатат. Бизде болсо аларда дагы жок, эрежени киргизип, жергиликтүү жетекчилерди аким дайындайт деп турат долбоордо. Бизде мыйзамдар дүйнөлүк практикага ылайыкталган. Эгер сунушталып жаткан мыйзамды кабыл алсак анда буга чейинки кылынган нерсенин баарын жокко чыгарат", - дейт Асанакунов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД