ИИМдин академиясында сууга агып кеткен кызды куткарган жарандар сыйланды

2021-жылдын 17-июнь күнү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин атынан Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын начальнигинин орун басары, милициянын полковниги Касымбаев Ильяс Талипович "Аламүдүн-1" кичи районундагы каналда катуу ылдамдыкта аккан суудан агып бара жаткан кызды куткарышкан Бишкек шаарынын тургунуна, ИИМдин Академиясынын кызматкерине жана курсанттарына сыйлык тапшырды.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин буйругу менен Залкарбек Сулайманов жана Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын кызматкери, милициянын прапорщиги Мелис Осеков "Кыргыз милициясына 95 жыл" юбилейлик медалы, ал эми Академиянын курсанттары Бекбол Молдосанов, Марсель Тынчтык уулу жана Байсеит Акматов "Ардак грамоталар" менен сыйланышты.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын начальнигинин орун басары, милициянын полковниги Ильяс Касымбаев сыйлыктарды тапшырып жатып, Бишкек шаарынын тургуну Зарылбек Сулайманов, Академиянын кызматкери жана курсанттары оор жана кооптуу абалда чыныгы мыкты жигиттик сапаттарын көрсөтүшкөнүн баса белгилеп, кайдыгер эмес жарандардын жана кызматтык милдеттерине жоопкерчиликтүү мамиле кылган милиция кызматкеринин, курсанттардын ыкчам аракетинин натыйжасында мектеп окуучусу куткарылганын белгилеп, ИИМдин жана ИИМдин Академиясынын жетекчилигинин атынан ыраазычылыгын билдирди.

Эске салсак, окуя 10-июнда "Аламүдүн-1" кичи районунда болгон. Ч. Валиханов көчөсүндөгү тез аккан сууда өспүрүм кыздын агып келе жатканын жолдо унаа айдап бара жаткан З. Сулайманов менен ИИМдин Академиясынын кызматкери жана курсанттары көрүп калышып, кызды суудан ыкчам куткаруу аракеттерин өз убагында көрүшүп, ийгиликтүү куткарып алышкан, жеринде биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, медициналык кызматтын кызматкерлерине өткөрүп беришке


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД