Диля Разыкова жолдошуна арнап ыр жазды

Рахман Разыковдун жубайы каза болгон күйөсүнө арнап ыр жазды.

Тал-талдап тогуп көз жашым

Ыйласам кайра келбейсиң

Жалдырап карап дагы эле

Көз алдымдан кетпейсиң

Кемпирим ӨЗҮ билет-деп

Эркелетчү кишим жок

Башымды коюп эркелеп

Жетелешер кишим жок

Эртелеп күтүп эшикте

Жытташар кишим эми жок

Кантем.жүрөгүм канайт тилинип

Ыйлабаска Айлам жок

Сабр тилеп өзөмө

Жалбарсам деле пайда жок

Токтобой калды көз жашым

Караанын тапсам озүң жок

Элесиң кетпейт козумдон

Жанымда дале жүргөнсүп

Жүрөктөн кетип эсим ООП

Күн түнү ыйлайм мен өксүп


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД