"Жергиликтүү кеңештердин депутаттары ишин соодага айлантып алышкан"

Аймактарды өнүктүрүү агенттигинин өкүлү Рахманкул Мендекеев жергиликтүү өз алдынча башкаруудагы көйгөйлөр учурдагы иштеп жаткан мыйзамдардан келип чыгууда деп эсептейт. Мындай пикирин ал сунушталып жаткан "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзам долбоору талкууланып жаткан тегерек столдо билдирди.

"Жергиликтүү жетекчилерди азыр жергиликтүү кеңештердин депутаттары шайлайт. Алар кадимкидей соодалашып, иштерин кандайдыр бир өз ара оюнга айлантып алышкан. Анын жыйынтыгында жетекчинин тагдырын бир тар чөйрөдөгү адамдар чечип калган", - дейт Мендекеев.

Анын айтуусунда жергиликтүү кеңештердин депутаттары мамлекет алдында эч кандай жоопкерчилик албаганы да орчундуу көйгөй.

"Уктуңар беле кайсы бир жергиликтүү кеңеш кайсы бир нерсеге жоопкерчилик алганын? Алардын программалары кандай экенин билесиңерби? Мындай болбошу керек, кылынган ишке жооп берген адам болуусу зарыл. Коллективдүү жоопкерчиликсиздик эмес, чыныгы жоопкерчиликтүү кызматкер керек", - дейт Мендекеев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД