Сотко арыздангандан кийин Бабановду үй-бүлөсү менен жолугууга уруксат берди

Абактагы саясатчы Өмүрбек Бабановго УКМКнын СИЗОсунун имаратында аялы жана уулу менен жолугушууга уруксат берилет. Буга чейин Бабановдун үй-бүлөсү менен жолугушуусуна тыюу салган тергөөчү Дженбаев адвокаттар сотко арыздангандан кийин чечимин жокко чыгарды. Бул тууралуу юристтер кабарлашты.

Эске сала кетсек, буга чейин саясатчы тыюу салынгандыгына нааразы болуп, адвокаттар тергөөчүнүн аракетине каршы арыз жазган.

Бүгүн, 17-июнда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун тергөө судьясы Туратбек Бекенов арызды карашы керек болчу, бирок тергөөчү жактоочу менен байланышып, чечиминин өзгөргөндүгү жөнүндө маалымдады.

Бабанов кармалган учурдан тартып акыркы 17 күндүн ичинде анын жубайы Рита Бирбаева жана уулу Нурэмир Бабанов менен жолугушууга уруксат берилген эмес.

Өзүнүн расмий чечиминде УКМКнын улук тергөөчүсү Дженбаев: "Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн Өмүрбек Бабановдун жактоочусунан башка адамдар менен жолугушуусуна уруксат берүү ылайыксыз (нежелательно) бойдон калууда … Коргоочу адвокаттын Бабанов менен жакын туугандары менен жолугушууга уруксат сураган өтүнүчү четке кагылат",-деп билдирген.

Азырынча жолугушуунун так күнү айтыла элек.

Бабанов 31-майда "Кумтөр" иши боюнча УКМКдагы сурактан кийин кармалган. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Бабановду эки айга УКМКнын СИЗОсуна камакка алуу менен камакка алуу чечимин кабыл алды. Ошондой Бабанов абактан ачык кат жазып, анда "сот тутумунун башаламан" деп жарыялаган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД